Аялзаты канткенде сүйүктүү жар боло алат?

Аялзаты канткенде сүйүктүү жар боло алат?

  • 09/03/2019
  • 18:00

Аялзаты – үйдүн куту деп койобуз. Ошол эле учурда канткенде үйдүн кутун сактап кала алам, канткенде өмүрлүк жолдошума сүйүктүү жар боло алам? деген суроолорго жооп издешибиз керек. Алп турмуштун даңгыр жолунда мүдүрүлбөй, жаңылбай келаткан эне катары бүгүнкү чакчелекей заманда турмуш куруу алдында турган жана турмушка жаңыдан кадам таштаган кыздарыбызга пайдасы тийер деген максатта азыноолак күмүш сыргам бар.
Жалгыздык Жалгыз Алланын Өзүнө гана жарашат. Бул кашкайган чындык. “Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да, марыбайт” деп акылман кыргыз атам Алланын мүдөөсүн аңдап, каадасын кылып кызды турмушка узатып келет. Бүт ааламды кынтыксыз жараткан Алла Таалам эркекти аялга, аялды эркекке муктаж кылып, эки жарымды бир бүтүн кылып жараткан. Булардын бөлүнүп кеткендиги, ажырашкандыгы орду толгус чоң трагедия. Андыктан акыл-эстүү кыз турмуштагы мына ушундай маанилүү жагдайларга көңүл буруп, өз ордун билип, уят-сыйытты, абийирди көздүн карегиндей таза сакташы керек. Анткени, ал эртең эле эне болуп, перзенттерине тарбия берет.
Ар бир кыз турмуш кураардан мурун, «мен турмушка даярмынбы?» деген суроону өзүнө берүүсү зарыл. «Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?» деген макал жөн жерден жаралган эмес. Кыз турмушка аттанып бирөөнүн үйүнө баргандан алдын аялзатына тиешелүү сапаттардын баарын билүүгө тийиш. Мейли өзүнчө туруп калсын, мейли кайын ата, кайын энеси менен туруп калсын, келиндин бар экендиги үйдүн тазалыгынан, үй оокаттарынын ирээттүүлүгүнөн, тамактын өз маалында даярдалгандыгынан байкалып турушу керек. Келген-кеткен тууган-уруктар, колу-коңшулар ыраазы болуп, алкап турса, келиндин өзүнө эле жакшы.
Аялзатына абийир алып келе турган дагы бир сапат – бул жаратмандык. Дүйнөдөгү мүнөт сайын болуп жаткан өзгөрүү, ааламды каптап келаткан глобалдык жараян кыргыз үй-бүлөсүн чачыратып, майдалап, жеке кызыкчылыктарды алга сүрөп, ысырапкорчулукка түртүүдө. А ысырапчылык болсо Алла Таала жек көргөн, Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) жактырбаган жаман сапат. Ошондуктан аялзаты «боордон эт жасаптыр» дегендей, колдо бар азык-түлүктөрдөн жагымдуу жыты менен адамдын табитин ача турган түркүн тамак-аштарды, эски кездемелерден курак
төшөк, көпчүк сыяктуу турмушка зарыл болгон нерселерди жасай билген жөндөмгө ээ болушу керек.
Кыргызымдын «Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы, хан жакшы» деген макалы менимче аялзатынын жоопкерчилигин, милдетинин бийиктигин, олуттуулугун таамай чагылдырган. Баш кошкон жаштар жеке кызыкчылыкты четке кагып, орток кызыкчылыкты көздөмөйүн баар табалбайт. «Жакшы болсо алганың, жаркылдаган кушка окшойт, жаман болсо алганың, алдыңдан өткөн сызга окшойт, каңтардагы музга окшойт». «Жакшы болсо катының – табыла берет акылың, куусаң кетпейт жакының. Жаман болсо катының – кете берет акылың, чакырсаң келбейт жакының». Бул айтылган накыл кептердин алп турмуштун ысык-суугунан, ачуу-таттуусунан сызылып
чыккандыгында эч шек жок. Кайната менен кайнененин ыраазылыгы, ак батасы келин үчүн чоң олжо.
Канчалык алардын көңүлүн алган сайын келиндин ошончолук мартабасы артат, жакшылыгынын үзүрү кайтат. Келиндин баскан турганынан тарта, кийиминин тыкандыгы, урунган буюмунун, үйүнүн тазалыгы, кылган иши, күйөсүнө, кайын журтка өтөгөн кызматы өсүп келаткан кайын сиңдилерге, өзүнүн кыздарына үлгү болгудай жана «энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт» деген талапка жооп бергидей деңгээлде кынтыксыз болушу керек. Ошондой эле турмушка кадам шилтеп кайын эне менен кайын атага кызмат кылуу бактысына туш болгон келин улгайган чакта, келиндин кызматына, жардамына муктаж боло турган күн келээрин эстен чыгарбашы керек. Аялзаты – өмүрлүк жолдошунун ишенимдүү арка-жөлөгү, жеңилин жерден, оорун колдон алган жардамчысы, максатына дем берген күчү, чаалыкканда жарпын жазган ырахаты. Эстүү аял күйөсүнүн айтаар оюн, каалоосун көзүнөн окуп койгудай кыраакы болушу керек. Күйөөнүн мүнөзүн жатка билүү аялзатына жакшылыктан башка эч нерсе алып келбейт. Айтмайынча иш кылбаган жалкоолук, өзбилемдик, ашыкча сөз, ирээтсиздик, шалаакылык, өз күйөсүнүн алдында башка эркектердин артыкчылыгын кеп кылуу, топуксуздук, ачкөздүк жана башка терс сапаттар үйдүн кутун качырып, ынтымакты ыдыратат, ортодогу жылуулукту өчүрөт.
Кыз бала илгертен эки журтту, эки элди бириктирген көпүрөлүк милдетти да аткарган. Араздашкандар, катташпай калган туугандар сөөк жаңыртып, кыз алып беришүү аркылуу жакындашкан, катташышкан. Мындайча айтканда, кыз бала илгертен элчилик кызматты аркалаган данакер болгон. Ошол себептен мусулман кыргызымдын кыздарын азыртан ойлонууга, кандай гана маселе болбосун, сүйлөшүү жолу менен уруш-талашсыз чече билген кыраакылыкка чакыраар элем. Кыз бала өз төркүнүн уятка калтырбоо үчүн барган жердин эшиги менен кирип, күлү менен чыкканга даяр болушу керек. Ошондо гана кайын журтка кадыры сиңип, өз алдынча чечим чыгарганга, өз алдынча бөлүнүп жашаганга укук алат. «Жакшы аял ырыс, жаман аял уруш» деп коёт элибизде. Анын сыңарындай, бирөөгө бүлө болуп баргандан кийин келин өмүрлүк жолдошунун, кайын журтунун кызыкчылыгын ойлоп, жакшысын колдоп, жаманын жашырып турушу керек. Кыз бала кай жерге түшпөсүн адеби, жүрүм-туруму, сүйлөгөн
сөзү, жумшак мүнөзү, кең пейилдиги, ак ниети, жаратмандыгы менен гана турмушта жакшылык таба алат. Мындан башка жол жок. «Чыккан кыз чийинден тышкары» дегендей, өз алдынча түтүн булатып кеткенден кийин өз төркүнүнө оордугун салбашы керек, ошол эле маалда кайын журтунун ырыскысын өз төркүнүнө ташуу келинге жакшылык алып келбейт. Балдардын ден-соолугунун, тарбиясынын жакшы же жаман болушу ата-эненин кам көрүшүнө, берген тарбиясына жараша болот. Ошондуктан эгер мурдалары жаңылып жүргөн болсо, экөө тең арак, тамеки сыяктуу балекеттердин баарынан арылышы керек. «Аккан арыктан суу агат», «Алма сабагынан алыс түшпөйт».
Бул макалдар карт турмуштун калыс чындыгы. Ошол эле маалда майдалап айтса, түгөнгүс кең маанини камтыган бул акылгөй айтымдар ата-эненин тарбия жаатындагы жоопкерчилигин таасын чагылдырган. Улуу педагогдордун бири «Маданияттуу коомду кургуң келсе, тарбияны анын чоң энесинен башта!» деп айткан экен. Чындыгында адам баласынын оор түйшүгү, тарбиясы эненин мойнунда. Эне эң башта ак менен караны, жакшы менен жаманды айырмалап, аны турмушта жүзөгө ашыра билиши керек. Эне ошондо өзүндө бар нерсени, ыймандуулук, адептүүлүк, адилеттүүлүк, мээримдүүлүк, камкордук жана тазалык сыяктуу жалаң жакшы нерселерди перзенттерине үйрөтө алат. Тарбия жаатындагы мына ушундай жигердүүлүк, үлгүлүүлүк эненин бейишке алып барат. «Бейиш энелердин таман астында», «Күйөсүнүн ыраазылыгына татыган аял сөзсүз бейишке кирет» деген куттуу хадистер төгүн жерден айтылган эмес. Анан дагы кыздарыбыз эч качан, эч убакта төмөнкү нерсени эстен чыгарбашы керек. Ак нике кыйылып, аруу тилек, алгы мак саттар менен баш кошкон соң аялзатынын сүйүүсү, сулуулугу да, наздуу күлкүсү да, жагымдуу сөзү, бойонгону, себинген атыры, кылык-жоругу, дене-турпаты, келбет-мүчөсү, койчу дегеле бүт баары өзүнүн күйөсүнө гана арналуусу зарыл. Мунун тескерисин жасагандар Алланын алдында күнөөгө батат, абийир булганат, ишеничтен кетет же жазасын алып биротоло күйөсүнөн кол жууйт. Анан эмне болот? Балдары жетим калат, ата-эне уятка калат, ак ниет менен кудалашкан эки тарап жүз карашпай калат, жаман жорук көнүмүш адатка айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан күйөсүнө сүйүктүү жар болууну самаган аялзаты Алланын ыраазылыгын көздөп, өзүнүн аялдык милдетин толук, так аткарганга аракет кылып, жаман ойдон, шайтандын түркүн түстүү азгырыктарынан алыс болушу керек. Шайтандын азгырыгына бекем ыйман гана калкан боло алат. 
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып аял күйөсүн, күйөсү аялын гана сүйсө, урматтап-сыйласа, бири-бирине арка-жөлөк болуп куттуу коломтону сактап, ыймандуу, өлкөсүн сүйгөн мекенчил перзенттерди тарбиялап өстүрсө экен деп тилейм. Алла Таалам Өзү бизге жар болсун!

Жумайым Ибрагимова
№21, Июль-Август, 2009